алалык
- Бир түстө болбогондук, ала-була болуп тургандык, текши эместик.
- Ынтымаксыздык, душмандык, кастык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Калдыктан кеп угуп, / Беттеше албай кыргызга, / Качып келдик деп угуп, / Баралы деп айтканга, / Батына албай оолугуп, / Башын салып бир далай, / Акыл ойлоп, олтуруп: / — Уруш баштаар убакта, / Ханга сени шайладык, / Кандай болсо акылды, / Өзүңүздөн алалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошончо бардык күн батыш, / Эркин элге чуу салбай, / Эптүүрөөк киши баралык, / Куйалы менен Саламат, / Арымсарык арстанды, / Кошуп бирге алалык, / Колбутуп айдап кыргызды, / Коркконсуп кантип калалык?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ашыгышып элеңдеп, / Арактан калды белендеп, / Көзү менен жаңдашып, / Күчтүү арак алдырып, / Күчү жанып, калат, деп, / Күчаладан салдырып: / — Аз-аздан жутуп, алалык, / Анан жолго салалык, / Куршукканың жазылсын, / Буулукканың басылсын...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир бечара айтканга, / Эми эсепке алалык, / Эр Сейитим айтканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →