алакта

китептерде 84 жолу, 10 китепте
  1. Элең-элең этүү, көздөрдү алаңдатуу, коркконунан, шашканынан элеңдеп эки жагын каранган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алактаган Жабыке, / Жаңы чыгып жекеге, / Далактаган Жабыке, / Найзасын күүлөп булгалап, / Шалактаган Жабыке, / Сотукени оозго алып, / Сонун келди эби деп, / Татыбекти бе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топчу кулак кара кер, / Арбытып чуркап алактап, / Шай колдогон Бактыбай, / Сапырып кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жабыла минип калбастан, / Аттанып барың чыккыла, / Алактаган буруттун, / Аскерин курчап жаткыла, / Кутуруптур бул бурут, / Бар шайтанын каккыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап олоң тартынып, / Аттанып бу да жөнөдү, / Сом темирин артынып, / Тай буурул менен Сур атты, / Алактатып баратат, / Жал-куйругун төгүлтүп, / Шалактатып баратат, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Жалактанып баратат, / Топуракты чачыртып, / Жерди арыктай каздырды, / Та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →