алаксы

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Көңүлдү, ойду башка бир нерсеге буруу, мурдагы ойлогонун унутуп коюп, алагды болгон абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ормолоку кеп айтып, / Үйрөтүп калган экенсиң, / Кой Кененим, саалтып, / Кечиктирбе жолумду, / Алаксытып сөз менен, / Байлабагын колумду, / Баштан айак калтырбай, / Билип болдум ойуңду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…нда, / Байкап турса Айчүрөк, / Улутунуп алганда, / “Каапырдын көзү тийет, — деп, / Же жибербей жылкыга, / Кайтарып алып келет” — деп, / Сыр алдырбай Айчүрөк, / Алаксытып айтат кеп: / — Жүрү, Кыйаз, үйгө кир, / Бута атым буруу айрылбай, / Дегеле жаман көнүпсүң, / Талаа түзгө бастырып, / Ошентип жүрүп көнүксүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алаксытпай калганын, / Көрсөтпөй берки үчөөнө, / Өзүң жазган катыңды, / Семетейге мен бердим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алдында келген эрди алып, / Эрдемсип калган Сомбилек, / Туралбайт эми айанып, / Кара тоодой Калкатай, / Качырып кирди Сомбилек, / Чоң экен деп жазганбай, / Келе жаткан чоң маңгыт, / Өзү амалкөй неме экен, / Алдап көнгөн жоо алып, / Эрчиткени төрт тайган, / Иттери атты такымдап, / Алаксытып эр сайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →