алакандай

китептерде 21 жолу, 6 китепте
  1. Кичинекей, аз, биртике.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…беш урук, / Кымыз ичип бабырган, / Ордо салып короого, / Чүкө атканда чуулган, / Аламан өскөн кыргызды, / Келбей калса хан Калдык, / Аскерди төрткө бөлбөсөм, / Алакандай Таласка, / Ар тараптан кирбесем, / Астын-үстүн кылбасам, / Ыракым кылбай кыргызга, / Жашы менен карысын, / Айал-эркек - баарысын, / Как боорунан тилбесем, / Ой… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…луп, / Жалындап күйгөн өрт болуп, / Темирбек менен беш болуп, / Ойдогудай иш болуп, / Оодарылгыз тоо болуп, / Оморулгус бел болуп, / Чогулуп биздер барганда, / Алакандай Таласка, / Кененим жалгыз калганда, / Кумардан чыгып кайтабыз, / Кыргызды талап алганда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абайлап байкап караса, / Алакандай арал жок, / Аркыраган чоң суунун, / Киргенинде карал жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Он беш жылдан бери жердин түбүндө багаркөрөрү жок жетим калган катын-балдарын бир көрөмбү деген үмүт менен быйыл бир алакандай жер айдап, ала жаздай саргарып, багып келип, андан кырып алган беш кадак немесин алтындай сактап жүргөн байкуштукун акырында келип мынабу ач көз тартып алганы жатса кантип ичиң түтөт? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →