алакан

китептерде 59 жолу, 10 китепте
  1. Колдун манжаларга чейинки ички жайык бети.
  2. Камчынын өрүлгөн бөлүгүн сабына жалгап бекитиш үчүн ылайыкталган жазы кайыш.
  3. Ууктун керегеге жалгап байлоого ылайыкталган түп жаккы бөлүгүндөгү жазы, жалпак бети.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алакан жайып, кол ачып, / Куран окуп Манаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…дагы алды жакадан, / Жакалашып тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сууруп алып шамшарды, / Анда Алмамбет муну айтты: / — Энемдин сөөгүн жашырган, / Мына ушул жер эле, / Шамшарын сайып башына, / Аманат койгом туу белге, / Алакан жайып кол ачып, / Келдиң бул жерге, — деп, / Шамшарын байлап белине, / Ташты койуп жерине: / — Кош эмесе арстаным, / Бастырайын, — деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →