алагды

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ойдун, санаанын башка нерсеге бөлүндү болушу, алаксыгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бирок чанда бир болбосо, элдин көбү бирдемеге алагды болуп тургандай, апийимден бөлөк жумушка баштагыдай баспайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— деп көңүлүн алагды кылдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү аларды алагды кылып ээрчитип, бир заңгелге алып барды да жолборско кайрылды: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →