алагар
- Көздөрү алайган, бакырайган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүрүйө көйнөк шоодурап, / Караса көзү жоодурап, / Аркардай басып чойулуп, / Алагар көзү койулуп, / Агеркеч жетип артынан, / Буларды айтып таңшыган: / — Ач арстан, жолборстой, / Атка минип алыпсыз, / Арзан жумуш болбостой, / Айрылыш жолго салыпсыз, / Атадан бала таранчу, / Ардыгып кайда баруучу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачалбарс жанда кынгырап, / Айбалта белде шынгырап, / Төкөр уста жасаган, / Кызыл мистен доолбас, / Чымын тийсе зынгырап, / Аккелте жондо жаркылдап, / Айкөлдү көргөн адамзат, / Айбатынан калтырап; / Алагар көзү чолпондой, / Ай кулагы калкандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаркыны көздү уйалтат, / Элес күнгө кошулат, / Ай кулагы калкандай, / Алагар көзү чолпондой, / Эки айактуу жумур баш, / Туулабы пенде ушундай, / Кайта-кайта Куткарбас, / Канча имерип карады, / Көзгө сүрдүү көрүнөт, / Опол тоодой карааны…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Акылман туулган Каныкей, / Алагар көзү чолпондой, / Ай кулагы калкандай, / Батасы журтту байыткан, / Батасын алган Кошойдун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алагар көзү чолпондой, / Эр кулагы калкандай, / Кызылы кызыл, агы ак, / Карга тамган кан кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →