алаамат

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Табигый кырсыктан: катуу бороон-чапкын, сел, суу ташкыны ж.б. пайда болгон коркунучтуу көрүнүш.
  2. өт. Чоң чатак, уруш, салгылашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жооп алып Саламат, / Кызыл алтын башына, / Саламын деп алаамат, / Кер ат менен чу койуп, / Темирден найза койкойуп, / Карандуу көзгө көрүнөт, / Эр Саламат болкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калган эсем ал Корун, / Беттешкенин мент кылбай, / Куру келген жан эмес, / Кең майданды кан кылбай, / Колунда бар көтөргөн, / Тегирмендин жети таш, / Кол салышып киргенде, / Кутулган эмес, жалгыз баш, / Жер титиреп бастырса, / Желденип турат башкача, / Ыраңы сүрдүү алаамат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →