ала-кула

китептерде 1 жолу
  1. Бир түстө эмес, ак түс менен башка түстөр аралаш, ала-була.
  2. Бирдей эмес, бир кылка эмес, ар түркүн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Катын-калач дебей ала-кула болуп, ар кайсы көчөлөрдөн бирден, экиден самсаалап, топ-тобу менен музоолорун, уйларын айдап келип, өткөрүп берип жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →