ала-була

китептерде 1 жолу
  1. Бир түстө эмес, бир жери ак, бир жери кара же башка түстөр менен аралашып келген өң.
  2. Бирдей эмес, бир кылка эмес, ар түрдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жарылып кетет сырты деп, / Балталардын уңгусун, / Коло менен чырмашып, / Найзаларын жаңыртып, / Ала-була сырдашып, / Тыштан кийген соотторун, / Жыртылган жерин тордотуп, / Үзүлгөн жерин улатып, / Тешилген жерин жаматып, / Мыгынан чыгып кеткенин, / Айабай бөрттөп кадашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →