ал-жай

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Турмуш-тиричилик, ден соолук, ал-абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздын ханы курусун, / Эри барбы- жокпу, деп, / Сурабастан ал-жайын, / Күндө бирден катынды, / Алып кирип жатат, деп, / Бүткүл элге жайамын, / Өзүң тургай, Бекбача, / Түп атаң айкөл Манасты, / Калганда бүткүл алашты, / Жаман атты кыламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алчаңдарга атаң жок, / Ал-жайың сурар апаң жок, / Айланышкан ата журт, / Ардактуу шаарың Какан жок, / Керектүүң болсо табайын, / Эминеден кемиң бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куткарбас барар ой болсо, / Жашырбай айткын ал-жайын, / Амалы кеткен экен деп, / Алдыңды тосуп албаймын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куба жүлүн жаш бала, / Кай калаага барасың, / Кандай курган баласың, / Ал-жайыңды айта кой, / Арманда өлүп каласың, / Аралап кирсең өлөсүң, / Атайын кордук көрөсүң, / Жогуңду айтып байан кыл, / Кайсы жакта жүрөсүң, / Адеби жок жаш бала, / Хандын кызы жаныңда, / Кыткылыктап күлөсүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– деп ал-жайымды сурады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →