ал-абал
- Ден соолук, саламаттык.
- Оокат-тиричилик, материалдык турмуш-шарты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беш күн өттү арадан, / Каныкейге Айчүрөк, / Билдирди айтып ал-абал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…олуна, / Көтөрүп жүрчү карманып, / Манастын уулу ушу деп, / Баары журт жүрчү таңданып, / Күйпүлүрөөк бала эле, / Өсө албаган жан эле, / Балтыр бешик баладай, / Ал-абалы бар эле, / Дагы жакшы кийгизип, / Толуктады аны эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен үйгө кирип, бир аз отургандан кийин кызынын ал-абалын сурап алып, артынан:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала ага өзүнүн ал-абалын айтты эле, ал:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Аял ал-абалын түшүндүрүп:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →