ал3
- Бир нерсени кол менен кармоо, кармаган абалда болуу, бир нерсени өз тарабына өткөрүү.
- Илип мыкчый кармоо (куштарга карата).
- Соодалап алмаштыруу, ээлөө, сатып алуу ж.б. жолдор менен кайсы бир нерселерге ээ болуу, менчиктөө.
- Үйлөнүү, баш кошуу, бүлөлүү болуу.
- Кабылдоо, ишке коюу, белгилүү бир ишти иштөөгө дайындоо.
- Кызматтан, белгилүү бир иштен түшүрүү, бошотуу.
- Билген, туйган нерселерди сезимде сактоо, сактай билүү, кармап калуу.
- Пайда болуу, толуу.
- Бирөө же бир нерсе жөнүндө кеп-сөз кылуу, талкуулоо, сураштыруу.
- Кандайдыр бир натыйжага ээ болуу, жетишүү.
- Жеңүү, жеңип чыгуу.
- Кандайдыр бир курал менен чабуу, кесүү, жок кылуу.
- мат. Бир сандан экинчи бир санды кемитүү, аны тиешелүү бир санга азайтуу.
- Атооч сөздөр менен айкалыша келген бир катар учурларда, ошол айкалышкан сөзүнө байланыштуу болгон абалга өтүүнү, ошондой абалда, көрүнүштө, аракетте ж.б. болууну билдирет.
- Жөндөмөдөгү бир катар атооч сөздөр менен айкалыш келген учурларда, ошол сөзгө байланыштуу болгон тынчсыздандыруу, козгоо абалын көрсөтөт.
- Көмөкчү этиштик милдетти аткарып, негизги этиштин натыйжасын чыгарат.
- Атоочтук формада таандык мүчө менен: алганым (алганың, алганы).
- Ээ болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →