акырында1
- Акырын болуу, басаңдоо, жайыраак кыймылга өтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арамдык кылган оңолбос, / Акырында соо болбос, / Айтканын танып коржоңдоп, / Мурадил өлдү Казанда, / Нескара өлдү Сайрамда, / Уушаң өлдү Нарында, / Такыр баарың жем болдуң, / Кузгун менен кажырга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эсен ханга кат жазды, / Калтырбай ишти бүт жазды, / Акырында күч жазды: / “Элиңди бөлөп эр келди, / Эсирген кыргыз эл келди, / Манас аттуу шер келди, / Арбайта сунуп чеңкелди, / Соорандыктын Алмамбет, / Бүтпөй турган чыр келди, / Чыры мунун күч келди, / Алтымыш уруу көп алаш, / Дөө Кошой баштап бүт келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…дында кылчу кеп-кеңеш, / Чакырып кел ылдам” — деп, / Ханым буйрук кыларсың, / Баргандан кепти укканда, / Ооздон мындай чыкканда, / Чойтолоң ойлойт далай кеп, / Акырында ал айтат, / Барган желдет кана?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Анда Гүлүс муну айтат: / — Жарым ооз кебим бар, / Жалпы баарың угуңар, / Ырайдан жанса Канчоро, / Ага ырайым кылыңар, / Жаман болбос мунуңар, / Жакшы берди кеңешти, / Абам Бакай билсин, деп, / Хан Сейитек уулуңар, / Энем менен жеңекем, / Акырында ушулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Акырында соодагерлер:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →