акырын
- Жай, шашпастан.
- Бийик чыкпаган басыңкы үн.
- Эч кимге билдирбей, тымызын, жашырын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бузуктун кирип тилине, / Бузулупсуң, жедигер, / Ар канча жаман болсо да, / Ар кимдин жакшы өз эли, / Хан Каракөз пейлинен / Жанганы жакшы эмеспи, / Ойлонсо айткан акылым, / Ойлонбосо Каракөз, / Өзү билсин акырын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мурункудай сурданбай, / Сурап ийди сөзүн жай, / Түшүндө көргөн иштерин, / Чыйырды айтты жашырбай, / Калтырбай алды катынын, / Алачыгын кошо артып, / Айлына барды акырын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →