акыры
- Акыркысы, бүткөн жери, аягы.
- Акыр түбү; жыйынтыгында, соңунда, аягында.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өкүрүк менен акырык, / Оң-тескери бакырык, / Отор калмак кыйкырат: / Абдумаалүк, колдо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимден кеп угуп, / Кекээр кептен жеме угуп, / Токтоно албай Талана, / Ачбөрүдөй жулунуп, / Найзасын күүлөп акырып, / Дабытайлап бакырып, / Кененимге бул айбан, / Келип тийди качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Көтөрдүк теңир салганын, / Акыры ушул жалгандын, / Калдайып бирге келе албай, / Ушул менин арманым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →