акыреттик

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Кыйышпай турган, өмүрлүк, ажырашпас.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Камдангының, Калыбек, / Келгениң болду беш күнү, / Акыреттик ашың жеп, / Эми бүгүн жаткының, / Өзүңдүн кара башың жеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арданып Көкчө укканда, / Олтуруп кетип кыйлага: / — Акыреттик дос элек, / Аны кудай урганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Баш кошуп жетөө турган жер, / Талдар чырпык байлады, / Булбулдар муңдуу сайрады, / Бачымдап турбай аттанып, / Сарайга жетип барганы, / Абаң Бакай акырып, / Акыреттик досум, деп, / Манасты айтып бакырып, / Бакайдын үнүн укканда, / Баатыр Манас күмбөзү, / Каалгасы кетти ачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кабылан Бакай камынып: / — Ой, Семетей баатырым, / Асманда жылдыз боз эле, / Салам жазган Токтосарт, / Атаң Манас көкжалга, / Акыреттик дос эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өз ойунда Сомбилек: / “Аттары окшош боз экен, / Кийимдери кооз экен, / Угушумча айкөлгө, / Акыреттик дос экен, / Айдай сакал жаркылдайт, / Абам Бакай ушу экен, / Жанындагы адамзат, / Беттешип кимдер жанашат, / Караанын көргөн калтаарып, / Кантип намыс талашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →