акырет

китептерде 40 жолу, 7 китепте
  1. Диний түшүнүк боюнча: өлгөн адам баруучу о дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочу тиги дүйнө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо ыйлап Ламасы, / Мурутун булкуп ыргытып, / Сакалын жулкуп ыргытып, / Мурдунан суусу булактай, / Жамгырдай жашы төгүлүп, / Алдындагы Бекбача, / Ал Ламанын көзүнө, / Азирейил көрүнүп, / Акырет алып кетчүдөй, / Булкулдатып жөнөдү, / Чылбырдан алып сүйрөтүп, / Жулкулдатып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайда барсаң анда бар, / Акырет жагың камдай бар, / Баш бар жерде маңдай бар, / Тил бар жерде таңдай бар, / Алмамбет досум, ойлосоң, / Өзүм бердим, зорум жок, / Мындан башка жообум жок, / Анда Алмамбет ойлонду, / Ак талдан бетер толгонду: / Аты-тону - баарысын, / Мага берип койгону, / Март ушунча болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сенин уулуң Сейити, / Акырет көздөй бет алды, / Жыйырма эки жашында, / Ошондой уулуң эр бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Туулган адам өлбөйбү, / Акыретти көрбөйбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жаткан жерде жатын бир, / Жайылганда малы бир, / Жайы-кышы айыл бир, / Айткан кепте акыл бир, / Тамыры туташ такыр бир, / Аралаш жүргөн жети хан, / Айткан кебин акташкан, / Акырет болуп бир-бирин, / Жат душмандан сакташкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →