акырай

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Көздү чоң ачып бакыраюу, жаман көрүп алая кароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түбү хандын тукуму, / Бойунда тоодой талабы, / Асыл менен курбалдаш, / Хан Калдыкты салалы, / Деп Атынек айтканда, / Арамзаада Көкбөрү, / Ичинде ойлоп акыл, деп, / Айтканы жок, макул, деп, / Акырайа бир тиктеп, / Калжырабай нары тур, деп, / Өрттөй көзү кызарып, / Өпкөдөй бети бышаарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты байагы, / Акбалтанын Чубагы, / Акырайып калыптыр, / Кайкыдан көзүн айрыбай, / Качан атат калмак, деп, / Чакырайып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хан, Сейит беттешти, / Күч ортосун чектешти, / Каңкылдатып сайышты, / Сайдырбастан кагышты, / Кекенишип турушту, / Кезкерип найза сунушту, / Кезек менен кээри жок, / Акырайа тиктешип, / Ичи жалын, боору жок, / Аманат хан кантер деп, / Айанышар жери жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кызылуйук капыр дөө, / Акырайа карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →