акыр2

китептерде 123 жолу, 9 китепте акыр 1 →акыр 4 →
  1. Аягы, соңу, бүткөн жери, акыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Акыр заман башына, / Көз көрүнө салам — деп, / Өлбөй тирүү болгондо, / Буракүң кунун алам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колдо турган Дабытай, / Атынан айтып акырат: / — Талана! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки күн өттү арадан, / Жалпы аскери Кутургур, / Атка минди аламан: / — Ак калпак кыргыз элине, / Акыр заман мен салам, / Беттешип келген ким болсо, / Башын кесип өт алам, / Эки атам өлгөн кыргыздан, / Ошолорго өч алам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлтурдук акыр канкорду, / Денинен башын айрыбай, / Башы менин койолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →