акын

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Казак, кыргыз элдерине мүнөздүү төкмө ырчы, жамактап ыр чыгаруучу.
  2. Поэзиялык чыгарма жараткан автор, ыр жазган жазуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жоголуп кеткен буйумду, / Кулданып алган эр акын, / Олжолоп алган кыздарын - / Баарын алып лопнурлук, / Аладыр алып кыштакка, / Алдайгыр алып жайлакка, / Тынасыңбы Лопнурлук? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акың барбы бул жерде? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тартууга сулуу кыз алсак, / Куу өрдөктүн иши көп, / Тиши алтын, ичи эт, / Ылайык көрдүм баатырга, / Жүрөгү менен башын жеш, / Султаным Манас акың, — деп, / Ушунчалык көп кошун, / Ээрчип жүрөт такыр, — деп, / Кулжанын этин татышып, / Эки санын артышып, / Хандар татып койсун, деп, / Тазбайматка айтышып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атасындай эр болсо, / Акын менен Шакымдын, / Кунун алсын” — деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Канчалык тартсаң машакат, / Кийин жыргал табарсың, / Кызмат акың аларсың, / Берип келсең катымды, / Айтып келсең дартымды, / Өчүрбөймүн өлгүнчө, / Өзүңдүн, баатыр, атыңды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →