акылчы
- Акыл айтуучу, кеңеш берүүчү, акылдаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баш билги болбой болбойт деп, / Чогулушуп кеңешип, / Хан Калдыкты баарысы, / Хан көтөрүп алышты, / Хан Калдыкка Көкбөрү / Акылчы болуп калышы, / Хан Калдыктан кеп келди: / — Эки күнү туралык, / Кызыл кыз жетип келеби, / Келип калса Кызылкыз, / Кыргызга айла табылгыс, / Кыйын күнгө калбай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Кырк күн чапса кыргынга, / Чалыкпай турган мал экен, / Аркандай уккан кептерде, / Ашырып айтат дечү элек, / Айтканынча бар экен, / Бактыбай карып калыптыр, / Акылчыга зар экен, / Жаш курамы Бекбача, / Элүү ашкан чагы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросонго сен тургун, / Жаңы хан укум -тукумун, / Бирин койбой жоготкун, / Акылчысын, билгичин, / Колу- коңшу кишисин, / Калтырбагын бирисин” / Деп жазыптыр Дабытай, / Запыранын капчыгын, / Ошол жерде карады, / Кененимге берем, деп, / Белендеге…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Падыша Шабдат болгондо, / Баш вазири Жүйрүн дөө, / Шабдатка болуп акылчы, / Жер жүзүндө кохарды, / Жыйдырып баарын тапкызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Акылчы болуп хан Бакай, / Турганында жанында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →