акылсыз
- Эси жок, кем акыл, эселек.
- Тилдегенде, жемелегенде айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кагышып жаткан кишинин, / Арасында киришкен, / Акылсыз кандай кишисиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир буудайга семирген, / Акылсыз киши болуучу, / Ичкенин кузган оозунан, / Чабалдын иши болуучу, / Бергенин алган доолашып, / Жамандын иши болуучу, / Ичкен тузга кас кылган, / Качан киши оңуучу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айтканы бул соңунан: / — Өзүңдөн кылча көрбөстөн, / Айбандан неге көрөсүң, / Абайлабай иш кылган, / Акылсыз кандай төрөсүң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуп сөздү Канчоро, / Үшкүрүгү таш жарып, / Кеп айта албай тамшанып, / Акылсыз жаман тамтайып: / — Айтканды эки кылбайлы, / Андан кийин албайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…балам деп, / Чоочун жерге кетирип, / Долу энең каапыр арам деп, / Эч канчалык киши эмес, / Эсен келдиң мага деп, / Айланайын балам деп, / Алыс жерге кетирип, / Акылсыз энең арам деп, / Мени издеп балам келген соң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →