акылман
- Акылга жетик, көптү билген, даанышман.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Казынадан беш мата, / Алып чыгып Бекбача, / Нурфануга кепин, де, / Унутуп калбай айткыла, / Акылман энем Каныкей, / Өз колу менен кармаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бетер кары акылман, / Айтпаган кеби калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылман Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Кат жазуучу сарайда, / Акылдашып олтурса, / Каныкей кирип эшиктен, / Кашкайып карап турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак – эки шер, / Акылман Бакай кеменгер, / Арстандан бери карата, / Айтылып келген кеп эле, / Алмамбет, Манас, Чубактын, / Оорагы окшош тең эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Санаасы бирге талапташ, / Олуйа Кошой кары өткөн, / Айдай бети жаркыган, / Айткан кеп балдай татыган, / Акылман Бакай дагы өткөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →