акылдуулук
- Эстүүлүк, акылы бар, акыл-эстүү адамга тийиштүү сапат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыдыртып калмак кыйнады, / Кырааның атка мингени, / Кыргызды кайта жыйнады, / Жаш баладай кептенип, / Жаман ишти кылбады, / Акылдуулук белгиси, / Эмгичекти, Жакып бай, / Оозуңду карап турганы: / Аксакалдуу хандар, деп, / Агаларын сыйлады, / Ушуларын карасак, / Ойротто жок кабылан, / Ак көрпө жайыл турбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Илгери бир өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап-жыргап бир нече жыл жашаптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →