акылдаш1

китептерде 39 жолу, 9 китепте акылдаш 2 →
  1. Кеп-кеңеши бирге, кеңешип иш кылуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канын чачам билип кал, / Адамкерлик жол менен, / Акылдашсаң аман кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катын ишин билет, деп, / Кайрып койуп бок жебей, / Акылдашып иш кыл, — деп, / Абыдан мыктап тапшырды, / Токтоно албай Калемкаш, / Эки көзүн жаш кылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акылман Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Сырттан Сыргак кайран эр, / Кат жазуучу сарайда, / Акылдашып олтурса, / Каныкей кирип эшиктен, / Кашкайып карап турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыр алдырып өз элге, / Шылдың болуп өзгө элге, / Антип тирүү жүргөнчө, / Айтканым айткан эме эле, / Касиеттүү Тапан хан, / Кара каш сулуу тажаалдан, / Акылдашып кеп алып, / Эп келгенин эм алып, / Салгылашып көрөйүн, / Колго тийсе кокустан, / Чойтолоң, Тапак, Тазкара, / Жүрөгүн тирүү жулайын, / Өз майына куурайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айабай кеңеш кылышып, / Акылдашып олтуруп, / Хан Коңурбай кеп айтат: / — Ой, Токтосарт — деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →