акылда

китептерде 19 жолу, 8 китепте
  1. Шашкандан, корккондон же катуу сүйүнгөндөн ж.б. жүрөк лакылдап согуп, кан тамырлары катуу кагып дем алалбай аптыгып калган абал.
  2. Бир нерсеге катуу умтулуу, катуу каалап, самап, эңсөө.
  3. Кээде алкылда маанисинде да учурайт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жашыл тартып жалтылдап, / Алоолонуп тулпарлар, / Ала качып алкылдап, / Ок өтпөс буулум шым кийип, / Багалеги балкылдап, / Дем албастан күн-түнү, / Урушуп жүрөт акылдап, / Жарактан чыккан жаңырык, / Эрден чыккан бакырык, / Ат дабырты тапылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Сүр көрсөтүп түнүндө, / Калыбектин аскери, / Мылтык атып … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желип жүрөт ач күзөн, / Тилин салып акылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атажуртка зор элең, / Акылда чалкар көл элең, / Саа келгели Айчүрөк, / Алты жыл болду болжолу, / Семетейден бойуна, / Келген болсо бу бала, / Кара башты үч жылы, / Карында сактап болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айкөлүм Манас барында, / Айаш атаң жанында, / Жашырбаган кабылан, / Ойлогонун акылда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →