акыйкат
- Чындыкка, адилеттикке негизделген, тууралык, жалганы жок; чындык, адилеттүүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Мухаммед сунган шарийат, / Ак селдесин оронуп, / Акундар айткан тарийкат, / Алы келсе бүтүрчү, / Мусулманда маарыпат, / Ченине жеткен жери экен, / Ченеми анын акыйкат, / Эч кишинин жок болсо, / Мойнуна түшкөн кыйын карз, / Алмам айаш, билесиң, / Андан кийин Мекке парз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →