акы
- Бирөөнүн кандайдыр бир нерсеге карата болгон укугу.
- Кылган кызматы, мээнети үчүн ала турган акча, мал же башка нерселер, аласа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызды тууган энеси, / Болбосо жакын жеңеси, / Кыз жеткирип баруучу, / Кетер күнү кудасы, / Сүт акына төө берип, / Болбогондо ат берип, / Кудагыйын кетирип, / Анан туруп калуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Садага чаап күнүгө, / Бирден эчки мууздатып, / Кескилетип бирден уй, / Келгендерге талатып, / Катындан алты ылгатып, / Ар кайдан издеп таптырып, / Толук берип акысын, / Көтөртүп жүрүп бактырып, / Таманын жерге тийгизбей, / Эски кийим кийгизбей, / Эркелетип багыптыр, / Эр жеткизип алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акчасына чыдабай, / Алты шаары Букардын, / Алым салып жыйнаган, / Акы бер деп кыйнаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
«Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы» дегендей каптаган он үч бүлөнүн токумдай алачыкка сыйба-сына ылаажы барбы!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →