акчылан
- Күнөөнү танууга, жокко чыгарууга аракет кылуу, өзүн таза, ак катарында көрсөтүүгө аракет кылгандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үч бөлөлү элди, деп, / Үч бөлүнүп кирели, / Биз алабыз анда, деп, / Жиберип ийип кишиңди, / Кыргызыңды камдан, деп, / Акчыланып жашооруп, / Айтып келиш кандай кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тууралап айтса Медеркан, / Ого бетер Мөңкөтай, / «Какшып айтып жатат, — деп, / Акчыланып бу казак, / Жүрөккө канжар батат, — деп, / Менин ошондо шорум катат» — деп, / Ачкан оозун жумалбай, / Айдан ачык тунук сөз, / Ашкере муну угалбай, / Өңгүрөп ыйлап жиберди, / Көзүнүн жашын тыйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калмак барып калдаңдап, / Этегин жыйбай далбаңдап, / Баштан айак калтырбай, / Укканын айтты барбаңдап, / Аңгычакты артынан, / Казак жетти салбаңдап: / — Карабадым кыргызга, / Саа келдим, — деп дардаңдап, / — Мыкты болсо Кененим, / Айырганын көрөйүн, / Азабын бер казактын, / Акчыланып келгенин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойуна алып чоң Кыйаз: / “Баласын кыйын каргады, / Каргышын буга арнады, / Атасыз бала сендей, деп, / Тыйактын кебин кылбады, / Тукумсуз Кыйаз калат, деп, / Менин атым айтканы, / Акчыланып айткандай, / Келгенимди туйбады” / Кетенчиктеп арамза, / Нарылап кетти ыраактап, / Үй ичинде Айчүрөк, / Баарын билип олтурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →