акун
- Дин башчысы, дин ээси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катын Көкөй каарданып, / Каарын төгүп бетине, / Чаар чыгарып көзүнөн, / Ачууланып сурданып, / Сур жибек бедер чалган боо, / Бүктөмө саптуу ак тинте, / (Акун хан арнап жасаткан, / Биринен көрүп усталар, / Атаандашып жасашкан, / Бай эле Көкөй атасы, / Ага-ини жок эле, / Жалгыз кызым Көкөй, деп, / Алтымыш тай, алты на…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коросондо Мырзакмат, / Кыйбада турат Дабытай, / Жети сууда Багыш бар, / Кең Үргөнчтө Акун хан, / Бу да кыргыз уулунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңчылап жүрүп Акун хан, / Ушул кызды тапканы, / Атын койуп Айчүрөк, / Асырап аны бакканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кудайдын сүйгөн бендеси, / Акун хандын эркеси, / Аламын деп айта албас, / Ал Канчоро эмес теңдеши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Чынкожо бузуп Толтойду, / Акунга баштап көп колду, / Айчүрөк тартып алам, деп, / Семетейден кем болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →