актык2

китептерде 5 жолу, 4 китепте актык 1 →
  1. Жазыксыздык, күнөсүздүк, айыбы жоктук.
  2. Чындык, акыйкаттык, тууралык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уга салып Кесилет: / — Айткалы келдим кеп-кеңеш, / Айтканың чын, Ачакан, / Жазыгы жок кебиңдин, / Жашырбай айттың ак сырың, / Актыгы ушул пейлиңдин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Актыгынан ниети, / Кармай түшүп эрдиги, / Оңтойлуу жумуш бүтүрүү, / Оңой келбейт кезеги, / “Арстан Манас баатырга, / Мен кылсамбы бийликти, / Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…мас болуп күлүңдөп, / Жаш арстан Сейити, / Жан айабай кылчалык, / Кылдың кызмат бизге деп, / Ыраазылык билдирип, / Арамдык бүгүп ичине, / Арамзаада Сулаймат, / Актыгы жок кичине, / Кайгыдан кызыл кан өтүп, / Тамак ичпей уу ичип, / Кара күчкө каткырып, / Хан Сулаймат кеп айтып: / — Кадырлап балам Сейити, / Чакырып келдиң бизд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Актыгы жок кебиңдин, / Сен алдайсың калп айтып, / Мен келипмин алдыңа, / Жашырбастан чынды айтып, / Жамандыкка кыйа албай, / Жаныңда турам мен кайтып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →