актай

китептерде 18 жолу, 7 китепте
  1. Бетинде жазуу-сызуусу жок, ак боюнча, таза бойдон.
  2. Чырмалбаган (чийге карата) Актай чийди кызылга Чырмап сатты кайран эл! (Шайбеков).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аталык тузун актайым, деп, / Жетелеп жөнөп калганы, / Эски журутка конбойт деп, / Жүктү анда түшүртүп, / Үйдүн баарын тиктиртип, / Мадыбекти үйүнө, / Зулпукан менен киригизип, / Көөнүн ачты алардын, / Көкжалдыгын билгизип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ажыбайдай чечени, / Андай сонун нечени, / Кысылса тийген кереги, / Кымбат баасы Сереги, / Төлгөчү кара Төлөгү, / Төлгөсү журттан бөлөгү, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтып берүчү, / Алымдардын Алакен, / Унутулчуу жан бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төлгөчү кара Төлөгүн, / Төлгөңдү салчы Төлөгүм, / Арстан Манас кайда экен, / Айтчы мага көргөнүн,- / Алымдардын Алакен, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтчу бала экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Барбай туруп жерине, / Көрбөй туруп элине, / Жеринин билдим жагдайын, / Элин билдим дапдайын, / Эл бүлүнткөн Куткарбас, / Суудай канын чайкайын, / Суусун ичтим Шоркөлдүн, / Ичкен тузум актайын, / Кантер экен Тапан хан, / Мунун сырын байкайын” / Деп ичинде ойлонуп, / Жабырын угуп бул элдин, / Жаш Сейитим толгонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мен сыйынам таалайга, / Айткан сөздү актайым деп, / Бир жыл турдум таалада. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →