аксарбашыл

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кандайдыр бир коркунучта, кокустуктан, катуу кырсыктан аман-эсен калганда кубанычта Кудай жолуна арнап айтылган садага.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжудан кегим алам, деп, / Аттанаарда Бекбача, / Элге айткан нускасы: / — Ашмура башы Жети төр, / Жердеген элим баарың кел, / Куру келбей келгиниң, / Ак бозунан бээ болсун, / Аксарбашыл уй болсун, / Ак сүт бото төө болсун, / Кочкор, козу, кой болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…им, / Ак калпак кыргыз көп элдин, / Ыйлаганын көргөндө, / А дүйнө кеткен Манасты, / Арбагың менен колдо, деп, / Сыйлаганын көргөндө, / Садага чапчуу эчкисин, / Аксарбашыл уйларын, / Сүттөй аппак бээлерин, / Жыйнаганын көргөндө, / Эркек- айал, карысы, / Уул- кыздын баарысы, / Жамгырдай жашын төгүшүп, / Ыйлаганын көргөндө, / Унуту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аксарбашыл кой арнап, / Айта келген Жакып бай, / Түлөө малы чалынды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйүндөгү бүлөнү, / Атынан айтып чакырды, / Аксарбашыл айттырды, / Сары эчкисин мууздатып, / Садагасын кактырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— деп, / Сүтбозду санга бир салып, / Бура тарта бергенде, / Айчүрөк дайар болду эле, / Аксарбашыл уй алып, / Аруудан тандап тон алып, / Чаң болгон киймиң ташта, деп, / Элдин көзү башка, деп, / Жаман тили ташка, деп, / Садагасын чаптырып, / Бар кийимин тарат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →