аксак

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Аксап баскан, төкөр, бутунда майыбы бар, чолок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аз келгенсип анысы, / Адыр толгон малымды, / Сокур төө, аксак-төкөр кой, / Жетим улак, чычкак уй, / Аны мага калтырды, / Сокур төө кетет олоңдоп, / Аксак кой кетет чолоңдоп, / Улак кетет сереңдеп, / Жиңгек атып куйултуп, / Чынак уй качат чычаңдап, / Эгинге кирет бир жерге, / Малыңды тосуп албай, деп, / Ээси келе… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аксак сөөнөт тайакка, / Аскери барат кайакка? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аксак атчан Коңурбай, / Качан жанын айады? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бир атадан беш элек, / Бирибиз калбай өлдүк, деп, / Хандардын салган кордугун, / Каңгайдын эли көрдүк, деп, / Какшаганы дагы бар, / Балдак кылып найзасын, / Аксаганы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Айымсулуу жаян балыктын аксак тору атын семиртүү үчүн алган экен, ошол атты Чыныбекке миңгизип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →