акмала
- Аңдып байкоо, көзөмөлдөө, көз салуу.
- Көрүнбөй, жашырынып аңдуу, тымызын байкоо жүргүзүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактыбайдын кеби, деп, / Баарыга келет эби, деп, / Айтканындай кылышты, / Жолду акмалап турушту, / Кудай бетин нары кыл, / Бул сапаркы урушту!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эртеден кечке акмалап, / Мергенден бетер жаныбар, / Караанын көздөн чыгарбай, / Ал Оторду шыкаалап, / Ойго кире бергенде, / Дөбөгө чыгат Тору ат, / Белге чыга бергенде, / Аңга кирет Тору ат, / Мына минтип Отордун, / Атынан ээрчип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кеткенин билип калмактын, / Катын баасы арбактын, / Сары жашыл жалпак бет, / Намысы жок акмактын, / Аркасында аскерди, / Абалы кантер экен, деп, / Акмалап туруп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ырчы уулду акмалап, / Келе жаткан Бозуул, / Ырчы уулду атына, / Мингизип алып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төшөк салган кечинде, / Кантер экен булар деп, / Катындар келип акмалап, / Чач мончогун кармашып, / Аста басып барышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →