акмак
- Кем акыл, эси жок, акылсыз.
- Бирөөнү тилдөөдө, сөгүүдө, жек көргөндүгүн билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Медеркан көрүп Чигитей, / Тааныбаган болду эле, / Чигитей көрүп Медеркан: / “Ажалым жеткен экен, — деп, / Болупмун акмак бекер, — деп, / Таанылып калсам бул жерден, / Тарпымды таштап талаага, / Башымды кесип кетер, — деп, / Тааныбай мени калды” – деп, / Жолго түштү тепеңдеп, / Ме…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элге жабыр салбаймын, / Эсирген акмак, сага окшоп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Угуп муну эр Тапак: / — Желмогузга алданып, / Тапан хан болсо чоң акмак, / Куткарбастан жарымды, / Алып берем дегенге, / Алданып келген мен акмак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…үз кылып уратып, / Жубан-келин, кызды алып, / Малды айдатып чубатып, / Эркек киндик дегинди, / Баарысын сойуп сулатып, / Кетемин деп ойунда, / Чыккан болчу бул акмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ач көз акмак карышкыр эми тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →