акимсин

китептерде 25 жолу, 6 китепте
  1. Башкаруучу, бийлөөчү катары сезүү (өзүн), өзүн аким болгондой көрсөтүүгө аракет кылган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каракөз кастык кылбаса, / Акимсинген кыргызга, / Чийбейт белек сызыкты, / Кылбайт белек кызыкты, / Жашырбай чынын айтканда, / Кабар айтып уруштан, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Белги берсе кайненем, / Алып келсин Мадыбек, / Чигитейге берсеңер, / Айыктырсаң жетимди, / Аңтара сайып түгөтөт, / Акимсинген кечилди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анын уулу Мурадил, / Солабанын Соорандык, / Акимсинген Чабалай, / Андай дөөдөн канча бар, / Айжаңжун менен Күнжаңжун, / Сандубада Бешкулак, / Каңгайлардын чоң Талап, / Ордонун ханы Ороңгу, / Сазаңшаанын Макил дөө -… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шайтаны бойдон күбүлсүн, / Акимсинген бул бурут, / Аманат жандан түңүлсүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сан-сан болуп бөлүндү, / Каны-жини төгүлдү, / Акимсинген Кутургур, / Ада көрдү өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →