акимдик

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Аким болуу абалы, бийлиги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Көк жал тууган Бекбача, / Коржоңдогон Оторго, / Акимдигин билгизди, / Аңдап турган элдерди, / Ийинге баарын сийгизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аттарды ага киргизип, / Айылбашы Жамгырчы, / Акимдигин билгизип, / Алып барып балдарды, / Өз үйүнө киргизип, / Эшиктен кире берерде, / Кемпири чыкты жүгүрүп, / Келини эркек туугандай, / Жетине албай сүйүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акимдикке кийинген, / Ал кийимин таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сомбилектин үстүнө, / Алып келип киргизди, / Акимдигин билгизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →