аким
- Калыс.
- Орто кылымдагы мамлекеттик административдик турмушта анча чоң эмес шаардын же кыштактын шайлануу жолу менен бийликке келген башкаруучусу. Азыркы учурда: өкмөт тарабынан кандайдыр бир аймакты башкарууга дайындалган адам. Районду башкаруучу.
- өт. Улук, бийлөөчү, башкаруучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Кызыталак жедигер, / Акимди кырып тилине, / Алжып бокту жедиң, деп, / Ал айтканың чын болсо, / Келген экен эбиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тердебес тулпар ат минип, / Кабаттап темир кийинип, / Каар төгүп карарып, / Эрди-мурду жаланып, / Өткүр миз найза карманып, / Акимсип калмак аттанды, / Кененим эми сойлойт, деп, / Буруттан бирди койбойт, деп, / Чойун алп өзү баш болуп, / Чогулган калмак шаттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алты шаар Анжийан, / Абалтадан даңкы бар, / Акими жок бүгүн кор, / Хандык атак сага калаар, / “Аш эритет ташты” — деп, / Байыркынын кеби бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…де, / Баскалы турган нээтинде, / Токтор менен Чайаны, / Токтолбой жетип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, / Жыйын болуп хан такта, / Бий, акимдер чогулуп, / Арбын кеңеш кылышты, / Өткүр балта, курч бычак, / Кучак-кучак жыйышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алты атасы хан өткөн, / Акимдин бири Музбурчак, / Калмактан өлдүң, окко учуп, / Кайрылып жардам кылып бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →