акетай
- Жалынуу, эркелетүү маанисинде айтылуучу сөз.
- Ойго келбеген, күтүлбөгөн ишке, окуяга таң калгандыкты билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошол кезде Коңурбай, / Толгон экен, акетай - / Ак жамбы сайдын ташындай, / Алтыны аттын башындай, / Көп жамбы сайдын ташындай, / Көөхары аттын башындай; / Аралдагы жылкынын, / Токсон миң экен санаты, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрчү абам, акетай, / Сазайы кылып буларга, / Менден өтүп казактар, / Кызыл дөөгө барганын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Мынаны карачы акетай!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →