аке

китептерде 37 жолу, 9 китепте
  1. диал. Ата.
  2. диал. Өзүнөн улуу агасы.
  3. Келиндер кайнагаларын тергөө иретинде айтылчу сөз.
  4. Өзүнөн улуу эркек адамга карата ызаат менен айтылуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саламга алик албады, / — Кайдан келдиң, аке? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көкүмдүн жашы он алты, / Көргөн эмес ал мурун, / Анык тааный албады, / Билмексен болуп күзөтүп, / Эшимге жетип барганы: / — Эшим аке барсыңбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эркелеп өскөн Айчүрөк: / — Элчибек акем келсин, — деп / Эргип калдым эң жаман, / Кеп салып мага берсин — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ага болбоду, Чоңкол акем атчан туруп, жогору болуп, кериле түшүп, басып-басып жиберди да аны таштап коюп, ошол замат жана бирине жетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондон бери эки акем өлүп бешөө калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →