акбар

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Жогору, бийик; жогору даражалуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп сүйлөнүп өзүнчө, / Койуп барат Бактыбай, / Топчу кулак, кер атчан, / Бактыбайдын атканы, / Жалгызектин ак бараң, / Акбараңды октогон, / Милтесин кызыл чоктогон, / Каданын учун тиктеди, / Ак милтеден чок жетти, / Ак бараңдан ок кетти, / Бир жүз кырк бир танапты, / Таарып өтүп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батак деген келиптир, / Мингени анын пил экен, / Үзүктөй калпак эр Шууту, / Бу да мыкты эр экен, / Алты сайлуу Акбараң, / Асынган мылтык бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Алла акбар” айтканда, / Сай күлүк кайра тартканда, / Беш күндө келет бул жерге, / Шиберден бери эңкейе, / Атыңды таанып эл сүрө, / Изчи барбы көп элде, / Калтырбастан бергиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →