акактай
- Мөлтүрөгөн тунук, таптаза.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Энеси айтып болгунча, / Эси кеткен эндиреп, / Эчтемеке кирбей кулака, / Жыгылчудай сендиреп, / Чигитей атын укканда, / Бериштин кеби чыкканда, / Акактай бети кызарып, / Түйдөктөшүп кирген чач, / Тарабай чачы узарып, / Күлгүн тартып беттери, / Күн тийгендей тунарып, / Жарылып жүрөк кетчүдөй, / Торгойго кирди куб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акактай жеңең Айчүрөк, / Орогон алтын дейилда, / Ороосун алып колтуктап, / Мунарда туруп баланы, / Тегерете каратты, / Ал баланы көргөндөр, / Акылынан адашты, / Так Семетей экен, деп, / Көргөндөр айтып баалашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал сууну кечип бараткан маалда чарчап акактайт да оозунан шакекти түшүрүп жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →