акак

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Үчүнчүлүк доордо өскөн ийне жалбырактуу жыгачтардын ташка айланган, ар кандай түстө кубулган сары түстүү чайыры.
  2. Асыл таш.
  3. өт. Өтө тунук, таза, аппак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нен балтадан, / Пайда таппай алардан, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Акакташып соолушуп, / Маңдай-тескей марашып, / Дем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Качырышып сайышты, / Найзаларын кагышты, / Күйкалары курушуп, / Кулжундашып урушуп, / Теке маңдай болушуп, / Теминишип койушуп, / Балталашып чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Кан жыттанып көөдөнү, / Акакташып соолушуп, / Такымдан чокмор алышып, / Тартынбастан салышып, / Жалтанышар пейли жок, / Жанын аяп калышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
көргөн кишиге, / Бир укмуштуу иш болуп, / Камчы менен салышып, / Жаагын жара чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Муштум менен койушуп, / Алы кетип шай калбай, / Акакташып соолушуп, / Жакалашып тартышып, / Олпокторун булушуп, / Койо бербей тырмышып, / Кемердей толгой кармашып, / Кекенишип жармашып, / Багалектен бурушуп, / Этектер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дер, / Эрегишип урушуп, / Олпокторун булушуп, / Опсуз жаман урушуп, / Колтуктарын чойушуп, / Балта, чокмор аралаш, / Чокулата койушуп, / Жедеп шайы кеткенде, / Акакташып солушуп, / Жакадан алып жойушуп, / Алакан тери сойулуп, / Көөдөндөрүн тирешип, / Көпкөчө жүрдү күрөшүп, / Демик басып күп этип, / Аттарына миништи, / Сом темир… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Акак, жакут, шуруну, / Лайил, көөхар - бурууну, / Марваит менен заваржат, / Ушунун баары асыл таш, / Артып кайра тартпасам, / Алып кирип Каканга, / Чын элине сатпасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →