айыңда

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Бирөө жөнүндө ушак-айың кеп айтуу, жамандоо, имиш-имиш сөз чыгаргандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карылары бир жерде, / Жаштары чогуу ар жерде, / Кыз-келиндер бир бөлөк, / Ак чөөлүм, көлбука, / Теке тырмыш бир жакта, / Ордосун атып дүркүрөп, / Бозосун ичип күркүрөп, / Чын курандын айында, / Байге бөлүп, кунан чаап, / Баш бошобой жайында, / Күндө ойун-тамаша, / Ак калпак кыргыз айлында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайга казак кошулуп, / Аттанмак болду чогулуп, / Теке айында белгиси. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сен билбейсиң, Саламат, / Элдин баары айыңдап, / Сага калды жаман ат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ “Бул Манастын уулу Семетей, / Мени менен бир тууган, / Тиги Айчүрөк экен, — деп, / Бүгүн болду ашкере, / Кайыпчал атам айткан кеп, / Сүттөн ишим ак эле, / Эл айыңдап жүрбөсүн, / Эжесинен Көкмончок, / Эр талашып жүрөт, деп, / Жүргүн, кыздар, жүргүн” дейт, / Айчүрөккө билгизбей, / Түк кишиге туйгузбай, / Көйкапка кирип кеткен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эл жайлоодон кайтканда, / Айак оона айында, / Болорсуң менин жолумда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →