айың

китептерде 21 жолу, 10 китепте
  1. Ушак сөз, бирөөнү жаман аттуу кылып айтылган ар кандай кеп-келеч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бузулбайсың ар качан, / Бириңди бириң аркадан, / Ушак айың кылбасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Желкемен тепсеп Сейити, / Жексен кылып ал турса, / “Сексен эки кубулган, / Желмогуз экен кыз эмес, / Сейит айтты, ырас” деп, / Айыңдашып эл турса, / Кыйалым кырк, санаам миң, / Саруулап өңүм бузулса, / Тирүүлүктөн ким тойбойт, / Замана мындай кысылса, / Дартымды уксаң Тапан хан, / Сүйгөнүм, алым ушунча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайыпчалдын алганы, / Айына жакын калганы, / Акыл ойлоп Кайыпчал, / Бооз канчыктан бирди таап, / Жуунду берип кетирбей, / Багып жүрдү сак сактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Антымды эми актадым, / Аркалап жүрүп Семетей, / Сенин эч айыңды таппадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аз калганда чыдап, айыңды бир жолу эле бүтүп келбейсиңби? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →