айырмач

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Алдындагы жана арт жагындагы тик жыгачтарын кайчылаштырып, жүк артууга жана жаш балага ылайыктап жасалган ээрдин түрү. Мындай ээрге көчкөндө балдарды мингизет.
  2. Бакандын эт ж.б. илине турган илгич ачалары.
  3. Тамдын, сарайдын чатырынын кайчылаштырып орнотулган, үстүнө рейкаларды кагып, шифер же башка материалдарды калкалап жаба турган жыгачтары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йүнүн чечишип, / Тамашалап бир-бирин, / Булкулдаша кетишип, / Ой кургур ай, сени, деп, / Жулкулдаша кетишип, / Той-торопо, айттарда, / Уулдун уулун ээрчитип, / Айырмачка мингизип, / Бут капка бутун киргизип, / Үйүрү өсүп жатканы, / Антип элге билгизип, / Ай сайын киймин талатып, / Кембагалга бергизип, / Билгизбей андай карылар,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Ээрчитип алып жүрүүчү, / Өчөгүшүп иттерге, / Өзүң кордук көрбө, деп, / Эми билинтип айткан бир кеби: / — Керменбай ага сен элең, / Аркаңдан ээрчип селпектеп, / Айырмач минип телпектеп, / Ойногон бала мен элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ын, / Көрүп калды бир чакта, / Бастыралбай ыргылжың, / Ой ойлоду бир канча: / “Төрт айдан бери кыдырып, / Ак карлуу тоону сыдырып, / Жалтырак кара таш басып, / Айырмачтай бел ашып, / Ашууда азап көп тартып, / Чөлдө жүрдүм кыйналып, / Ысыкта суудай тер агып, / Кашкардан бери айланып, / Жардамга жан таба албай, / Каңгайга келсем с… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Ээрин алды тулпардын, / “Катырып этин суутайын” / Айырмач кайкы белеске, / Алып барды кара атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →