айырма

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Биринен экинчисин ажыратып, айырып кароого мүмкүн болгон өзгөчөлүк, өзгөчөлөй турган сапат же башка белги.
  2. Саны, көлөмү ж.б. жагынан алып караганда, бири-бирине барабар келбей тургандыгын көрсөтүүчү белги.
  3. мат. Чоң сандан кичине санды алуудан келип чыккан калдык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айырмабыз канча бар, / Барган киши кайта бар, / Менин айткан кебимди, / Төкпөй-чачпай айтып бар, / Жалпы кыргыз туташып, / Биригели, тил алса, / Коросон менен испандын, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эми көрсөк адаты, тили, турмуш салты — казактан айырмасы жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок береги бараткандар менен биздин айырма көп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →