айыптуу

китептерде 1 жолу
  1. Айыбы бар, айыпкер, айыпка тартылган, кылмышкер, Жаш прокурор жай козголуп турду да, мегежиндей айыптууга карады (Токомбаев).
  2. Кемчилик кетирип, каталык жиберген, кандайдыр бир ишке жооптуулугу бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н өттү — деп, / Кесер болсоң баш мына, / Төгөөр болсоң кан мына, / Алаар болсоң жан мына, / Жакын кишиң мен элем, / Абал мурун башында, / Абайлабай иш кылып, / Айыптуу болдум бул чакта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →